Биз менен байланышыңыз

Депутат Бакиевдерди жоопко тартуу маселесин эске салды

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 952 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 20-апрелдеги жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын иши тууралуу маселе көтөрдү.

Ал Бакиевдерди жоопкерчиликке тартуу боюнча ишти токтотпоо керектигин айтты.

«Бакиевдерди өлкөгө алып келип, жоопкерчиликке тартуу керек. Алардын күнөөсү менен 80 адамдын өлгөнүн унутпайлы. Бүгүнкү күндө Бакиевдин улутташтырылган мүлкү боюнча ортомчулар аралап жүрөт. Ачык мамлекетке өткөн мүлктөр кайтарылбашы керек. Бул прокуратуранын көзөмөлүндө болушу зарыл«, — деди Жээнчороев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул боюнча прокуратуранын эл аралык бөлүмү иш-аракеттерди көрүп жатканын, Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүү аракети жүрүп жатканын айтты.

«Беларусия Бакиевдерди өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Бул конвенция менен чечилет экен. Ал ар бир өлкөнүн өз эркине жараша чечилет. Бирок прокуратура буга ишке байланыштуу чоң иштерди аткарууда».

Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция, рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон.

Бүгүн, 20-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети, ошондой эле Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети биргеликте 2020-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы боюнча Башкы прокурордун отчетун укту.

Отчет жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Роза Отунбаева: Бакиевдин кадрлары келип жатат (видео)

Copyright © 2017 Maral FM