Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор канча айлык аларын айтты

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 880 | 0

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кошумча төлөмдөрдү эске албаганда 28 миң сом айлык алат. Бул тууралуу Зулушев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында айтты.

Анын маалыматы боюнча, Башкы прокурордун орун басарлары 25-23 миң сом айлык алат. Облустук прокурорлор 20 миң сом, райондун прокурорлору 17 миң 500 сом, орун басарлары 16 миң 500, жөнөкөй ыкчам жардамчы кызматкерлер 12 миң сом айлык алат.

Бүгүн, 20-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети, ошондой эле Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети биргеликте 2020-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы боюнча Башкы прокурордун отчетун укту.

Отчет жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM