Биз менен байланышыңыз

Айдаркен сымап комбинатында 50 жылдык запас бар

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 723 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев, Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев баштаган комиссия менен Айдаркен сымап комбинатына барышты.

Алар комбинаттын ишмердүүлүгүн жандантуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Учурда комбинаттын негизги көйгөйү суу басып калган шахтаны тазалоо, социалдык фонд, газ, электр энергиясына болгон карыз маселесин чечүү.

Комбинатта 350гө жакын жергиликтүү тругун жумуш менен камсыз болгон. Эгер шахтасынын негизги бөлүгү ишке кирсе, жумушчулардын санын 1000ге чейин жеткирүүгө болот.

Аталган тоо кен ишканасы 2021-жылдын биринчи кварталында белгиленген планды 130%га аткарган. Ал эми 2020-жылы жалпы 80 млн сомдук продукция өндүргөн.

Комбинат жетекчилиги суу басып калган негизги шахталарын иштетүү аркылуу жылына болжол менен 300 млн сом киреше табуу мүмкүнчүлүгү пайда болоорун белгилешет.

Бүгүн иш сапардын алкагында комбинатта буга чейин иштеген жергиликтүү инвестор “Северсталь” компаниясы менен кызматташууну кайра кароо жана республикалык бюджеттен жеңилдетилген ссуда берүү зарылдыгы айтылды.

Айдаркен сымап комбинаты сымап жана сурма кендерин өндүрүп, Орусия, Түркия жана Арап өлкөлөрүнө экспорттоодо. Комбинатта кеминде 50 жылга жете турган сымаптын жана сурманын изилденген запасы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM