Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8,5 млрд куб метрге жетти

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 970 | 0

Бүгүн, 16-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 596 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 279 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 164 куб метрге жетүүдө.

Былтыркы жылдын ушул мезгилинде Токтогул суу сактагычында 11 млрд 555 млн куб метр суу бар болчу.

Суунун деңгээли аз болсо, электр тогунун кубаттуулугу төмөндөйт. Мисалы, Токтогул ГЭСи 1200 мВт кубаттуулуктагы электр энергиясын иштеп чыгарууга ылайыкталган. Эгер суунун көлөмү 6,5 млрд куб метрге чейин азайса, элдин пайдалануусуна эсептелген электр энергиясын иштеп чыга албай калат. Жалпак тил менен айтканда, жарык өчүү башталат.

Кыргызстанда электр тогун маал-маалы менен өчүрүүлөр 2004-жылдары болгон. Кийин 2008-жылдары да бир күндө 6 сааттан жарык өчүп турган.

Copyright © 2017 Maral FM