Биз менен байланышыңыз

Дагы тогуз өлкөнүн жарандарын Кыргызстанга визасыз киргизүү сунушталды

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 931 | 0

Жогорку Кеңештин 15-апрелдеги  жыйынында «Айрым мамлекеттердин жарандарына 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун айтымында, Кыргызстанга 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз киргенге уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошумча тогуз өлкөнү кошуу сунушталууда.

Алар: Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд Королдугу, Мексикалык Кошмо Штаттары.

Мыйзам долбоордун негизги максаты Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн арттыруу, чет өлкөлөрдөгү туристтик имиджин жакшыртуу болуп эсептелет.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM