Бишкектеги «Рухий-Мурас» жаңы конушуна жаңы мектеп салынат. Бишкек мэриясы мектеп 700 орунга ылайыкташтырылганын кабарлады.
Долбоордук-сметалык документациясы толук бүткөрүлгөн. Курулуштун сметалык баасы 156 миллион 126 миң 672 сомду түздү.
Каржылоо шаардын бюджеттен бөлүнөт.
Тендер шаардык мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу өткөрүлөт.
Тендер жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат. http://zakupki.gov.kg