Биз менен байланышыңыз

Былтыр банк секторунун чыгымдары 13,4 пайызга өстү

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1037 | 0

2020-жылы экономиканын каржы секторунда 642 уюм: анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 600 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 15 камсыздандыруу компаниясы жана үч инвестициялык фонд ишин жүргүздү.

Өткөн жылдын ичинде экономиканын каржы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 23%га көбөйүп, 53 миллиарддан ашык сомду түздү.

Каржы секторунун уюмдарынын чыгымдары 2020-жылы 39 млрд сомду түзүп, 13,4%га өстү.

Пайданын негизги көлөмү банктар (каржылык сектордун жалпы суммардык көлөмүнүн 78,2%) жана микрокредиттик уюмдар (18,2%) тарабынан алынды.

2020-жылы каржы секторунун кирешелүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынан 62%дан көбүн түздү, ал эми 19%га жакын уюм чыгашага учурады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM