Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Балык уулоого кеткен адамдын сөөгү табылды

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1272 | 0

Ысык-Көлдө балык уулоого 10-апрелде кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Түп районуна караштуу Маяк айылынын 1965-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну 10-апрелде көлгө балык уулоого кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган болчу.

Бүгүн, 13-апрелде куткаруучулар, суучулдар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар издөө иштерин улантышкан. Маркумдун сөөгү саат 10:40та суудан табылып, милиция кызматкерлери өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM