Биз менен байланышыңыз

«Башаламандыктан баары президенттик башкаруунун айынан…»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2021 | 1412 | 0

Башаламандыктан баары президенттик башкаруунун айынан орун алууда. Мындай пикирин саясат талдоочу Сейтек Качкынбай «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, канча жолу Конституция өзгөрбөсүн, ыйгарым укуктар дайыма президенттин колуна өтүп кетет.

«Чыныгы парламенттик республикада бир күн да жашаган жокпуз, президенттик башкаруу менен гана келдик. КТРКны манипуляция кылып, баарына парламентаризмди күнөөлүү кылып көрсөтүүдө. Жакыр калкты манипуляциялооо оңой, алар добушун сатууга даяр турат. Добуш сатууда экономикалык фактор негизги роль ойноп жатат. Бул орто класстын жоктугунан келип чыгууда», — дейт Качкынбай.

Ал белгилегендей, жарандар айына 600-700 доллар киреше тапса, 1000 сомго добушун сатмак эмес.

Качкынбай мындан сырткары Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгы күтүлгөндөй болгонун белгилеп, эки партиянын акча таратпай туруп, жакшы добуш алганын артыкчылык катары баалады.

Copyright © 2017 Maral FM