Биз менен байланышыңыз

Вашингтондогу шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1353 | 0

АКШнын борбору Вашингтондогу шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Добуш берүүдө акыркылардан болуп Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин аймагындагы шайлоо тилкеси ишин аяктайт. Ал 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00дө жабылат.

Мындан тышкары Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин аймагындагы шайлоо тилкесинде 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 06:00дө добуш берүү аяктайт.

Чет өлкөлөрдөгү бардык шайлоо тилкелеринде элдик добуш берүүлөр мыйзам алкагында жана бардык эпидемиялык шарттарды сактоо менен өтүүдө. Мыйзам бузуулар байкалган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM