Ош шаардык ички иштер башкармалыгына саат 18:00гө карата 24 арыз жана маалымат келип түштү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Анын ичинен 16 маалымат жарандардын добушун сатып алуу боюнча, 4 маалымат шайлоо тилкелериндеги бейбаштык жөнүндө, 4 кайрылуу шайлоонун жүрүшүнө тоскоолдук жасоо боюнча катталды.
Бардык маалыматтар текшерилип, шаардагы №5304 тилкесиндеги шайлоочулар жана байкоочулар ортосундагы жанжалды териштирүү башталды.