Биз менен байланышыңыз

«Бандиттердин» шайлоосу болуп жатат. Мырзакматов Жапаровго кайрылды

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 2669 | 0

«Улуттар Биримдиги» саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал Фейсбук баракчасына Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо процесси ыплас мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын айтты.

Мырзакматовдун байкоосуна караганда, бүгүн саат 14:00гө карата Ош шаардык кеңешиндеги шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолууда.

Анын пикиринде, фактылардын баары Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү кандай жол менен болсо да, бир партиянын кызыкчылыгын көздөп, бийликти максаттуу түрдө сактап калууга аракет кылып жаткандыгын көрсөтөт.

«Админресурс колдонулуп жатканы, добуш сатылып жатканы тууралуу социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында фото, видео жана башка толтура маалыматтар тарап жатат. Бул жагдай тилекке каршы, 2020-жылы 4-октябрда өткөн «бандиттик шайлоолорду» эске салууда.

Бирок жергиликтүү бийлик бул мыйзам бузууларга жол бербей койгондун ордуна өздөрү да мыйзамсыздыктын демилгечилери болуп жатат. Тийиштүү органдар күтүү режиминде болуп, эч кандай чара көрбөй жатат.

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү бийлик органдары басым кылууда.

Бул фактылардын баары Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү кандай жол менен болсо да бир партиянын кызыкчылыгын көздөп, бийликти максаттуу түрдө сактап калууга аракет кылып жаткандыгын көрсөтөт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана шайлоо жараянын мыйзамдуулукка кайтаруу боюнча тез арада чараларды көрүүнү суранам».

Бүгүн Кыргызстанда 448 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да жүрүп жатат. Ага жалпы шайлоочулардын 30%ы катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM