Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жубайы менен Сузак районунун Барпы айылындагы №2395 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышты.
Ал тургундарды жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.
Жалал-Абад облусундагы 452 шайлоо тилкесинде 672 миң 859 шайлоочу референдумга, 418 тилкеде 620 миң 106 шайлоочу жергиликтүү кеңештерге добуш берүүгө катталган.
Облуста 62 айылдык, 7 шаардык кеңештин депутаттары шайланат.
Саат 12:00гө чейин референдумга 98 миң 616 шайлоочу добуш берип, жалпы эсептин 14,7 пайызын түздү. Ал эми жергиликтүү кеңештерди шайлоого 14,9 пайыз же 92 миң 382 жаран катышты.