Бүгүн, 10-апрелде экс-президент Роза Отунбаева №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.
Экс-президент өлкө калкын эмдөөнүн темпине нааразычылыгын билдирип, бардык жарандарды эмдөөгө активдүү катышууга үндөдү. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бул багытта маалыматтык иш-чараларды күчөтүүнү сунуштады.