Биз менен байланышыңыз

Исмаилова: Бишкекте 545 орундуу 4 стационар иштеп жатат

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1541 | 0

Учурда Бишкекте COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды дарылоо үчүн 545 орундуу төрт стационар иштеп, 8-апрелге карата стационарларда 386 бейтап дарыланып, 159 орун бош. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктери үй карантинине алынгандардын саламаттыгына байкоо жүргүзүшөт.

«Ушул жылдын 8-январынан тартып жалпысынан 4 миң 75 адам үй карантинине алынган. Анын ичинен карантиндин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 3 миң 83 адам байкоодон чыгарылган. Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелине карата байкоодо 1 миң 643 адам турат. Алардын ичинен 651 адамдан коронавирус аныкталган», — деди Исмаилова.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында үй шартында карантин мөөнөтүн өткөрүп жаткандарды көзөмөлгө алуу максатында 10-15 мобилдик бригада иштеп жатат.

1-январдан тарта мобилдик бригадалар 1 миң 400 жолу чыгуу жасашкан. 10 миң 591 адамдан ПЧР-анализ алынган. 7-апрель күнү эле 196 ПЧР-анализ алынган.

Ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарына ыкчам кеп-кеңеш берүү боюнча «118» номери тынымсыз иштеп жатат. Ага жылдын башынан бери 9 миң 676 кайрылуу түшкөн, 7-апрель күнү 207 чалуу болгон.

Исмаилова өз сөзүндө шаар тургундарын беткап кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого жана адамдар көп чогулган жерлерге барбоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM