Биз менен байланышыңыз

Эртең депутаттар сессияга чогулат

Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 1540 | 0

Эртең, 8-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Анда жаңы депутат болуп келген Равшанбек Рысбаев жана Мейкинбек Абдалиев ант берет.

Мындан тышкары Ысык-Көлдүн аймагына чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралат. Документти 6-апрелде парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жактырган.

Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун аймагына эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу мерчемделген.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелеген. Ал өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү максатында иштелип чыкканы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM