Биз менен байланышыңыз

Зейнеп Шакеева: Вокалдын айынан окуумду таштап салгам

Алгач Аксуубай Атабаевдин «18 жаш», «Чагылган» ырлары менен элге таанылган ал кездеги тал чыбыктай жаш кыз, азыркы кадырман чоң эне, улуу-кичүү дебей тамшанып уккан обондорго өзгөчө боёк берип, жан киргизе аткарган ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Зейнеп Шакеева менен «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасында маектештик.

Атымды таанылткан ырларды 16 жашымда ырдагам

— Атымды таанылткан ырларды 16 жашымда ырдагам. Ал эми ырга болгон кызыгуум кичине кезимден эле башталган. Көчөдө кыйкырып, ырдап эле жүрчүмүн (күлүп). Мектепте окуп жүргөндө республикалык кароо-сынактар өтчү. Бир сынакта Калыйбек Тагаевдин «Элмира» деген ырын ырдагам. Жакшы кабыл алып, көп сунуштар түшүп баштады. Ал кезде оюм таптакыр башка жакта болчу. Ырчылык эмес, актриса, мугалим жана доктур болуу эле. Белгилүү обончу Аксуубай Атабаев ырдаганымды көрүп, ырдап чыгуу сунушун киргизген.

Кыялымда калган кесиптер…

— Белгилүү актриса Жамал Сейдакматованын кинодогу ар бир аткарган ролунан таасир алып, «Мен да актриса болом», — дечүмүн. Бирок, «Өңүм сулуу эмес, актрисалык чеберчилигим жок, кантип ал тарапка кабыл алынмак элем?» — деп өзүмдү артка тартып койчумун. Түн бир оокумда ойгонуп алып, ыйлаган күндөрүм болгон. Ошол кезде атам пенсияга чыгып, почточу болуп иштеди. «Советский экран» деген журнал келер эле. Ар бир санын калтырбай окуйт элем. Ал кезде театралдык институт жок болчу да. Атам согуштун ардагери, манасчы, мыкты мугалим болчу. Анан «Менин кызым мугалим болот», — десе эле, ушул кесипке кызыгуум арта берер эле.

Вокалдын айынан окуумду таштап салгам

— Музыкалык окуу жайга тапшырып, аны да толугу менен бүткөн жокмун. Себеби, вокал мага таптакыр жаккан жок. Олтуруп алып, пианинонун коштоосунда ноталарды үйрөтөт. Өзүңдүн үнүң менен ырдатпайт экен. Окуу жайды бүтпөй эле таштап койдум. Бир күнү кыздарым: «Филармонияда артисттер үчүн кароо-сынак болуп жатыптыр, барып көрөлү», — деп калышты. Шаарды жакшы билбейбиз, издеп таптык. Катышып, сынактан өттүм. Ошол кезде оркестрге солист керек экен. «Калып, иштейсиңби? Баары сонун болот. Гастролго Орусияга 2 айга барабыз», — деген сунуш киргизишти. Мындай мүмкүнчүлүктү угуп, аябай сүйүндүм. Бирок оркестр менен ырдаган кандай тозок экенин билген эмесмин (күлүп). Музыкалык угуу жогору болуп, бат эле ритмге түшүп, көнүп кеттим. Ал кезде тездик менен үйрөнгөндөр чанда эле кездешчү экен. Ошентип, Москвадагы концертибиз элге жагып, жакшы кабыл  алышты. Концертти менин аткаруумдагы ыр менен жыйнтыктап жаттык.

Жаш ырчылар элди сыйлашы керек

— Кээде ойлоном, азыркы жаш таланттар ырыңды угуп, кабыл алып жаткан элди сыйлашы керек. 1-2 ыр ырдап, жеңил жагына качпай, улууну урматтап, сыйлап, анан ынсап болсо дейм. Кээде таанып турса да, салам бербей койгон учурларын кездештиресиң. Сахнада кантип туура жүгүнүп, элге салам айтканды билбегендер толтура.

Жан дүйнөмдө лирика жашайт

— Лирикалык жанр жан дүйнөмө абдан жагат. 1-2 куплет ырдайсыңбы, ар бир сабын сезе билип, ошол ыр менен кошо жашоо керек. Кезинде аранжировкасын жасап, «Бул темада ырдайсың», — дегенде, айласыздан ырдап, үнүң менен келбетиңди гана көрсөтүп койгон учурлар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM