Биз менен байланышыңыз

«CASA-1000» долбоору качан толук ишке ашырылары айтылды

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1429 | 0

«CASA-1000» долбоорун толук ишке ашыруу 2023-жылдын май айларына пландалып жатат. Бул тууралуу «Улуттук электр тармактары» ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Рустамбек Райымкулов «Марал» радиосуна билдирди. 

Анын айтымында, Пакистанда курулуштарды ишке ашырууда бир аз маселелер жаралып алар тараптан курулуш кечигүүдө.

«Азыркы күндө май айлары деп жаттык эле, бирок жарым жыл, бир жылга андан ары жылып кетиши мүмкүн. Кыргызстан боюнча айта турган болсок келишим боюнча башталгандан тарта эки жылда бүтүшүбүз керек. Мисалы, Баткен облусунда башталды. Ал эми Ош жана Жалал-Абад боюнча башталды деген убакка жете элекпиз. Бул жерде бир нерсени эскерте кетейин, «Кыргызстанда курулуп бүтсө эле коммерциялык жаткан экспорт кылып баштайбыз» дегеним туура эмес. Себеби, Тажикстандын, Пакистандын, Ооганстандын ичинде курула турган курулуштар бар. Качан төрт мамлекетте курулуп бүткөндө гана электр энергиясын экспорттоо башталат». 

Эске салсак, «CASA-1000» долбоору 2022-жылдын жай айына аякташы керек болчу.

Аталган долбоордун негизинде Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан, Пакистанга электр энергиясын экспорттойт. Анын алкагында Кыргызстан аталган өлкөлөргө электр жарыгын сатып, киреше табат.

«CASA-1000»: Иш Баткенден башталды

Copyright © 2017 Maral FM