Биз менен байланышыңыз

«CASA-1000»: Иш Баткенден башталды

Саясат | 5 Апр 2021 | 2179 | 0

«CASA-1000» — Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан, Пакистанга электр энергиясын экспорттогон долбоор. Анын алкагында Кыргызстан аталган өлкөлөргө электр жарыгын сатып, киреше табат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн талкуулар 25 жылдан бери айтылып келгени менен бүгүнкү күнгө чейин баштала элек болчу. Кечээ гана Баткен облусунда башталып, алгачкы мамычасына капсула салынды. «CASA-1000» долбоорунун Кыргызстан үчүн мааниси кандай? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Президент Садыр Жапаров 3-апрелде Баткен районундагы Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Өлкө башчы өз сөзүндө долбоордун өзгөчө мааниге ээ экендигин айтып, насыя бергендиги үчүн Дүйнөлүк банкка, Европа инвестициялык банкына жана Ислам өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирди.

«Ири кредиттик ресурстарды бергени үчүн Дүйнөлүк банкка, Европа инвестициялык банкына жана Ислам өнүктүрүү банкына терең ыраазычылык билдиребиз. Бул долбоордун алкагында Кыргызстан тарабынан кабыл алынган каржылык милдеттенмелер сатыкка чыгарылган электр энергиясынын эсебинен толугу менен жабылып, өлкөнүн мамлекеттик бюджетине жүк келтирбейт». 

Долбоор боюнча электр энергиясын ташуучу зымдардын узундугу болжол менен бир миллион чакырымга жетет. Анын 700 миң чакырымы Ооганстан аркылуу өтөт. Кыргызстан кура турган 455 чакырым линияга жана ячейкага 230 млн доллар каралган. Долбоордун Кыргызстандагы курулуш иштерине Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион, Дүйнөлүк банк 45 миллион доллар жана Европанын инвестициялык банкы 70 миллион евро насыя түрүндө бөлүп берген. Калган чыгымды «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому өзү көтөрөрү айтылган. Долбоордун жалпы наркы 1,1 миллиард долларды түзөт.

Долбоорду ишке ашырууга мамыларды орнотуу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселеси Баткен облусунда толук чечилди. Калган эки облуста уруксат алуу иштери жүрүп жатканын «Улуттук электр тармактары» ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Рустамбек Райымкулов билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

«Бүгүнкү күндө Ош жана Жалал-Абад облустарындагы бөлүнүп берилген жерлерди трансформация маселеси каралып жатат. Долбоордук жумуштар аягына чыкты жана коюла турган тирөөчтөр келип жатат. Кечээ куруу иштерин Баткен облусу боюнча аткаруучу компания менен баштадык. Жер бөлүп берүү оор маселе болгондуктан, көп убакыттан бери ошол иштин үстүндөбүз. Буйруса, 2-3 айдын ичинде толук бүтүрөбүз деген ойдобуз. Келишим боюнча башталгандан тарта эки жылда бүтүшүбүз керек. Мисалы, Баткен облусунда башталды. Ал эми Ош жана Жалал-Абад боюнча башталды деген убакка жете элекпиз. Бул жерде бир нерсени эскерте кетейин, «Кыргызстанда курулуп бүтсө эле коммерциялык жаткан экспорт кылып баштайбыз» дегеним туура эмес. Себеби Тажикстандын, Пакистандын, Ооганстандын ичинде курула турган курулуштар бар. Качан төрт мамлекетте курулуп бүткөндө гана электр энергиясын экспорттоо башталат». 

Кыргызстан келишим боюнча жай мезгилинде гана электр кубатын экспорттойт. Анткени кышкы мезгилге караганда жайында электр энергиясын колдонуу 3 эсеге чейин азаят. Болжол менен долбоор өзүн өзү 13 жылдын ичинде актап бүтөт. Эгерде биздин башка ГЭСтер көп болуп, электр энергиясы жетиштүү камсыздалса, жайкы вегетация убагында электр энергиясын сатып коюп отурганга өтө ыңгайлуу болорун энергетика тармагы боюнча адис Мырзатай Султаналиев билдирди.

«Баалуулугу эмнеде? Кимдин сатып ала турганы жана кандай баада сатып ала турганы көрсөтүлгөн. Бир жылда майдан сентябрга чейин гана 2 млрд кВт саат электр энергиясын сатканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Келишим түзүлүп жатканда сатыла турган электр энергиясынын баасы да көрсөтүлгөн. 0,9 цент болушу керек, бул баа бизге ыңгайлуу. Бул долбоордогу негизи нерсе, төрт өлкө куруп жаткандан кийин, төрт өлкөнүн уруксаты жок башка жакка ушул линия менен бере албайт. Эгерде башка жакка бере турган болсоң, төрт өлкөнүн макулдугун алуу керек. Экинчиси, долбоор өзүн өзү актамайынча, баары чогуу иштешет. Актагандан кийин Кыргызстандын аймагынан өткөн линия биздин карамагыбызга өтүп, биздин менчик болот». 

Кыргызстандын «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы линиясынан кеткен электр энергия Тажикстан аркылуу Ооганстан менен Пакистанга барат. Ал ишке киргенден кийин Кыргызстанга жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон 80 миллион долларга жакын таза киреше түшөт. Долбоордун негизинде Кыргызстан менен Тажикстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөлөр болуп саналат.

Долбоор Америка тарабынан демилгеленип, Пакистанды колдоо максатында чыгарылган. Кыргызстан электр энергиясын сатпаса да, долбоор ишке ашып  курулганы жакшы деп эсептейт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген энергетиги Калый Рахимов. Анткени Тажикстан «Рогун» ГЭСинде күчтүү агрегаттарды ишке киргизген. Алар электр энергиясын Кыргызстан аркылуу Казакстан менен Орусияга сатса деле, линияны пайдаланганы үчүн акча төлөйт.

«Башында электр энергиясын 0,9 центтен сатабыз деп айтышкан болчу, кийин 0,5 центке түштү деп угуп жатабыз. Эми долбоор башталса, электр энергия жетиштүү болуп сатсак, албетте акча түшөт. Эми энергетиктер президентке кичине ашыгыраак маалымат берип жатышат окшойт. Бизде азыр электр энергиясы жетишпей жатат. ГЭСтер курулбай турат. Жайкысын беребиз дейт, жайкысын Өзбекстан менен Казакстанга суу беришибиз керек. Электр энергиясы жайкысын деле өлчөмдүү чыгарылат. Ошондуктан ашыкча сатып кеткидей болбой, үнөмдөп элге жеткидей болушу керек». 

«CASA-1000» долбоору 2022-жылдын жай айына аякташы керек болчу. Бирок учурдагы пандемиядан жана Пакистандагы түндүгүндө ири конвертордук көмөкчордон орнотуу иши татаалдашканынан улам долбоордун аяктоо мөөнөтү кечигиши мүмкүн. Ошентип долбоордун 2023-жылдын май айында аякташы күтүлүүдө. «CASA-1000» коммерциялык эксплуатациялоо иши бардык зарыл болгон инфраструктуранын курулушу аяктаган соң, эки жылдан кийин башталат.

Copyright © 2017 Maral FM