Биз менен байланышыңыз

«Коронавируска каршы эмдөө алгандарга карточка берилүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Мар 2021 | 945 | 0

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө алгандарга карточка берилүүдө. Эмделгендердин тизмеси электрондук желеге түшүп жатат. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, эмдөө алгандар үчүн атайын программа иштелип чыкты. Анда эмдөөдөн өткөн адамдын толук маалыматы электрондук отчетко түшүүдө. Ал маалымат жоголбойт.

«Башка мамлекеттер эмдөө албаган жарандарды өлкөсүнө киргизбей коюшу мүмкүн. Мындайда эмдөөдөн өткөнү боюнча маалымкат алып, сыртка чыга алат. Азырынча биз берип жаткан карточкаларды башкалар таанып-тааныбашын айта албайм. Ал эми эмделүүчү адам алгач макулдук баракчасын толтурат. Эмдөөдөн өткөн соң дарыгерлер көзөмөлгө алып турат», — дейт Искакова.

Copyright © 2017 Maral FM