Биз менен байланышыңыз

«Вакцинанын бир дозасы 6-8 доллар турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Мар 2021 | 934 | 0

Коронавируска каршы вакцинаны мамлекет сатып алат. Ал эми калк акысыз эмдөөдөн өтөт. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик медициналык мекемелерде коронавируска каршы эмдөө акысыз. Дүйнөдө вакцинанын бир дозасы 6-8 доллар турат. Аны мамлекет сатып алып, элди бекер эмдейт.

Ошол эле учурда жеке менчик медициналык борборлор вакциналарды сатып келип, акылуу негизде эмдеши мүмкүн. Анткени ага тыюу жок.

Биринчи этапта 75 миң адамга эмдөө жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Бул үчүн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда атайын пункттар ачылды.

Copyright © 2017 Maral FM