Биз менен байланышыңыз

Кимдер коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөйт?

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Мар 2021 | 1396 | 0

Кош бойлуу жана бала эмизген аялдар, 18 жашка чейинкилер коронавируска каршы эмделбейт. Анткени бул топтогу адамдарга текшерүү жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, 18 жашка чейинкилерде илдет жеңил формада өтөт. Эмдөө жүргүзүлбөгөн себеби: алардын арасында ооругандар аз.

Коронавирус жок болушу үчүн калктын 70%дан ашыгы илдетке каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Вируска чалдыгып, сакайып чыккан адам да 6 айдан соң эмдөөдөн өтсө болот, коркунуч жок. Организм 6 айга чейинки иммунитетти камсыз кылат. Андан ары иммунитет акырындык менен төмөндөп баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM