Биз менен байланышыңыз

Президент Мар Байжиев менен маданиятты өнүктүрүүнү талкуулады

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 858 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев менен маданият жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү чараларын талкуулады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Садыр Жапаров менен Мар Байжиев өлкөдөгү маданий, билим берүү чөйрөлөрүн өнүктүрүү чаралары жана коомдук-саясий процесстер жөнүндө маектешти.

Садыр Жапаров мамлекеттик деңгээлдеги ар кандай чечимдерди кабыл алууда улуу муундун пикир-кеңештерин жана тажрыйбасын эске алуунун өзгөчө маанисине токтолду.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев бүгүнкү күндө өлкөнүн өнүгүүсүн калктын маданий жана руханий баалуулуктарынан бөлүп кароого болбой турганын белгиледи. Ал мамлекет башчысы менен ата мекендик маданият, билим берүү чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жана улуттук идеологияны калыптандырууда борбордук элемент «Манас» эпосунда камтылган акылмандык болушу керектиги жөнүндө сунуштары жана көз караштары менен бөлүштү.

Конституциялык реформа маселесине токтолгон Мар Байжиев бүгүнкү күндө өлкө элдин мүдөөсүн канааттандырган жоопкерчиликтүү жана туруктуу бийликке муктаж экенин белгиледи.

Жолугушуунун аягында Мар Байжиев Садыр Жапаровго батасын берип, ага бардык пландалган реформаларды жүзөгө ашырууга күч-кубат, ден соолук каалап, өзүнүн «Манас. Семетей. Сейтек» илимий китебин тартуулады.

Copyright © 2017 Maral FM