Биз менен байланышыңыз

Европа жаңы толкунга байланыштуу катаал карантин киргизүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 747 | 0

Франция бийлиги коронавирус эң көп катталып жаткан 19 районуна катаал чектөөлөрдү киргизди. «Кызыл тизмеге» кирген аймактарда азык-түлүк дүкөнү менен дарыканалар гана иштейт. Эл жашаган жеринен 10 километрден алыс чыга албайт. Бул өлкөдө карантин 22-апрелге чейин деп айтылган.

Франциянын Саламаттыкты сактоо министри Оливье Верандын айтымында, акыркы суткада 45 миң адамдан коронавирус аныкталган.

«Медициналык жайларда абал курч, дарыгерлерге болгон басым күчөдү, коронавирустун жайылуу көрсөткүчү да тездик менен көбөйүүдө», — деди Веран.

Польша бийлиги да өлкө боюнча өзгөчө абал кирерин эскертүүдө. Учурда кошумча чектөө чаралары жарыяланды. 27-марттан тарта 2 жумага өлкө боюнча азык-түлүктөн башка соода дүкөндөрү, сулуулук салондор жана бала бакчалар ишин токтотот.

«Учурда Польша пандемиянын эң оор учурун жашап жатат. Мун ачык айтып, фактыны моюнга алууга милдеттүүбүз. Үчүнчү толкун өтө күчтүү болуп чыкты. Акыркы суткада эле 34 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды», — деди Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий.

Евробиримдикке вакцина жеткирүү анын коопсуздугуна байланыштуу бир аз кыйынчылыктарды жараткан.

Вакцинага байланыштуу талаш пикирлерге карабастан, 3-толкун башталганын жарыялаган Германия «AstraZeneca» вакцинасын колдонууну жандантты.

Copyright © 2017 Maral FM