Биз менен байланышыңыз

Ак-Ордого 750 орундуу жаңы мектеп курулат

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 771 | 0

Бишкек шаардык мэриясы Ак-Ордо жаңы конушуна мектеп куруу үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, конушка салына турган мектеп 750 орунга ылайыкталган, 23 окуу классы болот. Ошондой эле үч кабаттан туруп, окуу корпусу, спорттук жана концерттик зал сыяктуу блокторго бөлүнгөн. Долбоордук-сметалык документтер толук бүтүп, Тагай Бий жана Садыр Аке көчөлөрүнүн кесилишинен жер тилкеси берилген.

Тендер мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан коомдук-мамлекеттик линиянын негизинде жүргүзүлөт. Мектепти бүткөрүүнүн алгачкы сметалык баасы 195 млн 959 миң 79 сом деп эсептелди. Ал шаардык бюджеттен каржыланат.

Copyright © 2017 Maral FM