Кыргызстандан Тажикстанга 8 тоннага жакын күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалым болгондой, Лейлек районунун «Коргончо» чек ара аймагынан күйүүчү-майлоочу материалдарды (болжол менен дизелдик күйүүчү май) алып өтүүгө аракет жасоо учурунда, жасалма мамлекеттик номур менен эки «Хюндай-Старекс» автоунаасы кармалган.
Такталгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга контейнерлер үчүн автоунаалардын кузовдорун атайын жасашканы аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзгөн.
Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 39-358-беренесинин 1-бөлүгүндө (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыш белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда фактылык жагдайларды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ташиев: Тажикстанга Кытайдын товарларын өткөрбөй турабыз
Нияз
28.03.2021 19:56
Фураларды кармагыла портерди кармап мактанбай