Биз менен байланышыңыз

Депутат: Нарынга контейнер, Баткенге сарай мектеп куруп жатасыңар (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 1301 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова парламенттин 25-марттагы жыйынында чек арага чектеш аймак Төрт-Күл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылындагы мектеп 6 жылдан бери авариялык абалда экенин, анын ордуна типтүү мектеп куруу керектигин айтып чыкты.

Анын маалыматында, аталган айыл 70-80-жылдары түптөлүп, мектеп курулган. Ал жерге элди көчүрүп баруу үчүн үйлөр курулуп, анын бири мектепке айландырылган. Ошол мектеп авариялык абалда деп 2015-жылы чечим чыккан.

«Жергиликтүү тургундар бир канча жолу кайрылышканда алгылыктуу жооп болгон эмес. Бул мектеп 2020-жылы күйүп да кеткен. Себеби имараттын үстүнөн Тажикстанга карай жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары өтөт. Артында чоң селкана өтөт. Алдынан чоң жолдон оор жүк ташуучу унаалар менен биздин Ак үй, көк үйдүн аткарминерлеринин контрабандасын ташыйт. Өтө кооптуу жерде жайгашкан. Кайра курулушун талап кылам. Мени өкүндүргөнү, Баткендин эли кайсы шайлоо болбосун, бийлик кандай партия, кандай ат менен барса да, 90 пайыз колдойт, эмне үчүн бийлик Баткендин элин колдобойт?», — деди Карамат Орозова.

Баткен: Мектепте чыккан өрттөн 4 окуу классы күйүп кетти

Депутаттын маалыматында, 2021-жылы 3-февралда Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына жергиликтүү тургундар митингге чыгып, типтүү мектеп куруп берүүнү талап кылган. Ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан 100 орундуу сарайга долбоор түзүлүп, курула баштаган.

Карамат Орозова Чоң-Талаа айылында турукташып жаткан калктын саны көбөйгөнүн, 100 орундуу мектепке окуучулар батпай турганын айтууда.

Ал мындан тышкары, окуучулардын таламын талашып, типтүү мектеп куруп берүүнү талап кыла албаган жергиликтүү бийликти сындады.

«Мурдагы бийликтин тушунда Нарында контейнер мектеп куруп, шерменде болдуңар эле, эми Баткенге, чек арада турган аймакка сарай мектеп куруп бересиңерби? Бизге типтүү мектеп керек, спорт залы, китепканасы, ашканасы, кошумча окуй турган залдары менен. Улукбек Мариповго менден чоң салам айтып баргыла, бардык катачылыкты башынан оңдошу керек». 

Нарын: Контейнер-мектептеги окуучулар клубдун имаратына көчүрүлөт

2019-жылы окуу жылы башталганда Нарын облусунун Кеңеш айылында контейнер-мектептин ачылышына катышкан район жетекчилеринин сүрөтү интернетке тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Кийин ал окуучулар айылдагы жеке ишкер салган клубдун имаратына көчүрүлөрү айтылган.

Чоң-Талаа мектебинде окуган балдар. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM