Биз менен байланышыңыз

Нарын: Контейнер-мектептеги окуучулар клубдун имаратына көчүрүлөт

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 393 | 0

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер-мектепте окуп жаткан окуучулар айылдагы жеке ишкер салган клубдун имаратына көчүрүлөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Майрамбек Өмүрбаев «Маралга» билдирди.

«Бүгүн 3-октябрдан баштап окуучулар айылдагы клубдун имаратына көчүрүлөт. Клубдун ичи класстарга бөлүнүп, жылытуучу систем орнотулуп, бардык шарттар түзүлдү. Оңдоп-түзөө иштери аяктаган. Акталып-сырдалган жерлер кургай элек. Бүгүн кечинде, же эртең толук көчүрүлөт«, — деп билдирет Майрамбек Өмүрбаев.

Класстар жетишсиз болгондуктан окуучулар 2 нөөмөт менен билим алышарын маалымат катчы кошумчалайт.

Эске салсак, окуу жылы башталганда Кеңеш айылында контейнер-мектептин ачылышына катышкан район жетекчилеринин сүрөтү интернетке тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM