Баткендин Чоң-Талаа орто мектебиндеги чыккан өрттөн 4 окуу классы күйүп кеткен. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
7-декабрда болжол менен саат 08:00 чамасында Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы Чоң-Талаа орто мектебинен өрт чыккан.
Ал түшкү саат 12ге жакын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгынын өрт өчүрүү кызматы тарабынан өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.
Мектеп бир кабаттуу, 4 корпустан турат. Өрттөн мектептин 4-корпусу, 4 окуу классы жараксыз абалга келген. Имарат 1980-жылы курулган.
«Айылда мектеп салуу муктаждыгы күч. Жаңы мектеп куруу боюнча тийиштүү сунуштар берилген. Өрт учурунда мектепте окуучулар болгон эмес», — деп айтылат маалыматта.
180 орунга ылайыкташкан мектепте 313 окуучу билим алат. Пандемияга байланыштуу мектепте 1-5-9-11-класстын окуучулары билим алып жатышкан. Өрттүн себеби аныкталууда.