Биз менен байланышыңыз

Легендарлуу парламенттин легендарлуу адамы — Саип Кокоев

Блог | 25 Мар 2021 | 2482 | 0

Өзү үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылган экен, — деген кептер көпчүлүктүн оозунда легенда болгону айтылса, демек инсандын жашоосу текке кетпептир деген чечимге келет экенсиң.

Саип Кокоев — эл баалаган, сыймыктанган адам эле. Ал адам сыймыгыбыз гана эмес, бүтүндөй республикада башы таанылган алдыңкы айыл чарба кызматкери, өндүрүштү көтөрүүнүн устаты болгон.

Саип Кокоевич 1931-жылы 13-сентябрда мурдагы Совет району, азыркы Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында төрөлгөн. Балалык чагы согуш мезгилине туш болуп, жашынан турмуш агымына эрте аралашып, колхоз ишине киришип, эмгек жолун эрте баштаган.

Чыйрак, тетик, сезимтал, эсепчи-учетчик болуп иштеп, Оштогу бухгалтердик окууну аяктап, 1953-жылы колхоздун башкы эсепчиси кызматын аткарат. 1958-жылы райондун машина-трактордук станциясына башкы экономист кызматына алышат. Колхоз ишинде кара күчтү азайтып, талаа жумуштарын техникалаштырууга өтүү учуру болгон. 1961-жылы Чалма айылына «Ленинчил жаш» колхозуна башкармалыкка шайланганда 29 жашта болгон. Колхоздун чарбасын жаңыча пландоо менен аз каражат жумшап, арбын киреше алууга жетишет. Колхозго короо-сарайлар, жол, көпүрөлөр салынып, электр зымдары тартылып, малчыларга турак үйлөр курдурулат. Мал чарбасы уй, кой, жылкы өстүрүү өнүгүп, эт, сүт, жүн өндүрүү да көбөйөт.

1961-жылы райондогу эн чоң чарба «Совет» совхозунун башкы бухгалтерлигине дайындалат. 1971-жылы «Совет» совхозунун директору болот. КМУ экономика факультетин сырттан окуп аяктаган. Бул чарбанын экономикасы жогорку деңгээлде өнүгүп, абдан чоң чарбага айланат. Чарба эки совхозго бөлүнүп чыгат. Экинчиси Кара-Кулжа совхозу деп аталып, бул чарбанын директорлугуна Саип Кокоев өзү дайындалат. Аталган чарбаны 23 жыл башкарат. Саип Кокоев 30 жылдык өмүрүн айыл-чарбасында жетекчи болууга арнады.

Кара-Кулжа совхозу азыркы Кара-Кочкор, Ак-Кыя, Кашка-Жол, Сары-Булак, Тоготой, Калпак айыл өкмөттөрү турган 700 га айдоо аянты, 500га чөп аянтынан турган 8 айылды бириктирген чоң чарба эле.

Кокоевдин жетекчилиги астында Калпак айылында ири насос чыгарып, 400 га сугат жерлерге суу түтүктөрү жеткирилген. «Калпак» каналы казылып ишке киргизилген. Буга чейин иштетилбей жаткан кургак, таштак жерлерге буудай, жүгөрү, тамеки, картошка, багбанчылык өсүмдүктөрү өстүрүлүп, көп түшүм алына баштаган.

Жаркыраган короо-сарайлар, сүт-товар комплекстери, алдыңкы технологиядагы ферма, үйлөр, бала-бакчалар, маданий жайлар, оорукана, медпункттар, китепканалар, мончолор укмуштуудай тездик менен курулган.

Мындай жетишкендиктерин санай берсек 1 макалага батпай кетет экен. Кээ бир адамдын эмгек жолун жазууда факты же цифра же эскерүү жетпей кетет. Ал эми Саип Кокоев жөнүндө жазганда кайсы бирин жазууга жетише албай кетесин.

Мындан сырткары 960 орундуу 4 мектеп, 1280 орундуу 3 мектеп, 290 орундуу 2 типтүү балдар бакчасы курулган.

Чарбадагы эмгекчилердин муктаждыгын канааттандыруу максатында сметалык наркы 3050,52 сомдук 15 типтүү үй курулуп, совхоздун алдыңкы жумушчуларына берилген. Дагы кийин 12 үйдүн курулушу аяктап, эмгектин алдыңкыларына берилген. Райондук ооруканага кошумча бөлүмдөр салынып, толугу менен ремонттон өткөрүп турган.

Сметалык наркы 976,6 миң сомдук клуб салынган, жаштарга өзгөчө көңүл бурулган. Армиядан кызмат өтөп келгендерге, жаш кадрларга 1800, 2300 сомдон акчалар берилип турган.

Түйшүктүү иштерди артка калтырып, тез эле Кара-Кулжа совхозун республикадагы атагы чыккан чарбага айландырат. 1980–жылы совхоз дүңгүрөп өнүгүп, союздун өтмө кызыл тууларын биринин артынан бирин жеңип алып турган.

Чарба дээрлик 15 жыл республикада ардак тактадан түшпөй ийгилик артынат ийгилик жараткан.

Москвада 1983-жылдары айыл чарба көргөзмөсүндө ВДНХда Кара-Кулжа Миллионер совхозу деген ат менен жазылып, Ардак тактада илинип турган.

Саип Кокоевдин эл үчүн деген сезими, Кыргызстан эгемендүү болуп, базар экономикасына өткөндө, чарбаны кооперативдерге бөлүнгөндө ортолук мүлктү талаштырбай, бөлүштүрүп берди.

Буга чейин ал Кытай Эл Республикасынын, Россия айыл чарбасынын шарттары менен терең таанышып, ошолордун ыкмасында республиканын чарбасын сактап калууга аракет жасаган. Бирок андай болбоду. Жогорудагы өлкөлөр сыяктуу айыл чарба байлыгын сактап калганда бүгүн өлкөбүз кандай өнүгүүдө болмок эле…

Ошентсе да бул кишинин эмгегин эл баалады. Элдин сыймыгына, сыйлыгына жетишти. «Ардак» белгиси, «Элдин достугу» ордендери, Лениндин 100 жылдыгы медалы, Кыргыз ССРнин Жогорку советинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Агартуу тармагына кошкон салымы үчүн «Эл агартуунун мыктысы», айыл чарбасына сиңирген зор эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер деген ардактуу наам берилген. Кыргыз Республикасынын жогорку советине кайра-кайра депутат болуп шайланып турду. Легендарлуу парламенттин депутаты катары трибунада көптөгөн идеяларга сугарылган суроо сунуштарын айтып турду. Легендарлуу парламенттин экс-спикери Медеткан Шеримкуловдун ушундай сөзү бар: “Саип Кокоев мага жолугууга киргенде республиканын айыл чарбасына тиешелүү маселелер менен кайрылып, эч качан иш сурап, бирөөнү кызматка коюу деген өтүнүчтөрү жок эле. Эл, чарба үчүн берилген эмгекчил жөнөкөй, билимдүү, зирек адам эле».

Өмүрлүк жары Мээрби апа экөө 11 баланы тарбиялап өстүрдү.  Эсимде бир жактан келе жатсак, эгиндин башы чыгып көгөрүп калган кез эле, мал аралап жайылып кетиптир. Апабыз баарыбызды жерге түшүрүп, айдоодогу малды айдатып, алардын ээси ким экенинен бери тактаган. Апабыз дагы чарба ишине берилген адам эле. Үйдө өзүнчө мал чарбасы бар эле. Жетекчинин аялымын дебестен, мал багып, кой, эчки, тоокторду багар эле.

Он бир баланы чоңойтуп, жогорку окуу жайларда окутту. Ата кесибинин таасириби, көпчүлүгү экономист-бухгалтер кесибине ээ болушкан.

  1. Саипов Иса – юрист, азыр пенсияда;
  2. Саипова Батма – экономист, товаровед;
  3. Кокоева Бурапия – филолог, эл агартуунун отличниги;
  4. Кокоева Буракыя – айыл чарба адиси, экономист-бухгалтер;
  5. Кокоев Маматиса – айыл чарба адиси, зоотехник, айыл чарбанын эмгек сиңирген кызматкери;
  6. Кокоев Маматемин – ички иштер орган кызматкери, милициянын полковниги;
  7. Кокоева Карамат – экономист-бухгалтер;
  8. Кокоев Рысбек – архитектор. Архитекторлор союзунун алтын медалынын ээси;
  9. Кокоева Салтанат – дизайнер-технолог;
  10. Кокоев Бакыт – экономист-финансист;
  11. Кокоева Чолпонай – педагог

Мындай өрнөктүү инсандын өмүрү, басып өткөн жолу жумуш жок деп жүргөн жаштарга үлгү.

Кыргызстандын айыл чарбасына эмгеги сиңген Саип Кокоев көзү тирүү болсо, ушул жылы 90 жашка толмок. Ал 2013-жылы, 6-июнда дүйнө салган.

Автор: Эл агартуунун мыктысы Бурапия Кокоева Саиповна

Copyright © 2017 Maral FM