Биз менен байланышыңыз

Күндүн табы 25 градуска чейин жогорулайт

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 490 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 25-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй облусунун тоолуу өрөөндөрүндө кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун кээ бир өрөөндөрүндө жаан, тоолуу аймактарга кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24;

Жалал-Абад, Ош, Баткен дубандарында ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;

Нарын жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз +7…+12;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +23…+25 градус.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM