Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 489 | 0

Кечээ, 23-мартта Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун жарлыгынын негизинде коронавируска каршы эмдөө башталды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жарандар кайсы дары менен эмделе турганын өзү тандайт.

Тажикстанга COVAX программасынын алкагында 8-мартта Индиядан 192 миң доза «AstraZeneca» вакцинасы жеткирилген. Британиянын бул дарысы Индияда өндүрүлдү.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча Тажикстанда Орусиянын «Спутник V» дарысы менен Кытайдын «CoronaVac» дарысын каттоо планы бар.

Буга чейин улуттук план боюнча алгач саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлер, стратегиялык, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрү, 60 жаштан жогорку курактагылар жана өнөкөт дарт менен жабыркаган жарандар эмделе турганы айтылган болчу.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө жана акысыз жүргүзүлөт.

Коронавируска каршы эмделген дүйнөлүк лидерлер (фото)

Copyright © 2017 Maral FM