Биз менен байланышыңыз

Министр: 10 мектеп салуу боюнча Орусия менен макулдашуулар жүрүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2021 | 860 | 0

Кыргызстанга 10 мектеп салып берүү боюнча Орусия менен макулдашуулар жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Орусия Өкмөтү 8 мектеп курууну пландаштырган. Бирок Кыргызстандын Билим берүү министрлиги Бишкек шаарына жалпы республикалык кошумча билим берүү мекемесин салып берүү боюнча макулдашты. Азырынча курула турган мекемелердин саны так эмес. Долбоорду каражат маселелеринин негизинде Орусия тарап бекитет. Азырынча бул боюнча жумушчу топ иш алып барууда.

«Орусиядан келген делегацияга 9 мектепти куруу боюнча жер тилкелери көрсөтүлүп, талаптарына ылайык жерлер мерчемделип берилди», — дейт Бейшеналиев.

Жапаров: Райондорго 44 орус тилдүү мектеп-интернат курулат

Copyright © 2017 Maral FM