Биз менен байланышыңыз

Кытай санкция үчүн Европага нааразычылык билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 681 | 0

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Европанын санкциясы үчүн нааразычылыгын билдирди. Буга чейин Брюссель Кытайга карата Синцзянь уйгур автономиялуу районундагы «мусулман азчылыгына кысым жасоого» байланыштуу санкция киргизген.

«Евробиримдиктин Синцзянь тууралуу ар кандай жалган сөздөргө ишенип, Кытайга карата санкция жарыялоосу мыйзамга туура келбейт жана түшүнүксүз», — деп айтылат Кытай ТИМинин маалыматында.

Министр Брюссель туура эмес кылганын түшүнүп, бул катасын оңдошу керектигин айтат. Андай болбогон жагдайда Евробиримдик менен Кытайдын ортосунда олуттуу кагылышуулар орун алышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Кытай бийлиги санкцияга жооп кылып, Европа Биримдигинен кирген товарларга болгон салыктарды көбөйткөн. Биримдиктин дипломатия башчысы Жозеп Баррель Пекиндин бул аракетин туура эмес деп баалаган.

Copyright © 2017 Maral FM