Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан каза тапты делген Танзаниянын президентинин өлүм себеби айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 490 | 0

Танзаниянын президенти Жон Магуфулинин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон. Бул тууралуу «РБК» каналы билдирди.

Анда Президент Жон Магуфули 10 жыл бою кыйналып келген жүрөк оорусунан көз жумганы айтылат.

Танзаниянын 61 жаштагы президентинин өлүмү жөнүндө бүгүн, 18-мартта эртең менен белгилүү болгон. Оппозициянын лидери Тунду Лиссунун Магуфули коронавируска чалдыккан жана ал Кенияда ооруканага жаткырылган деген болчу. Бийлик бул маалыматты тастыктаган эмес.

Мамлекет башчы февраль айынын аягынан бери эл алдына чыкпай калган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, Танзания 2020-жылдын май айынан бери өлкөсүндөгү коронавирусту жуктуруп алуу жана каза болуу көрсөткүчтөрүн маалымдаган эмес. Магуфили өз мамлекетинде инфекция жок экенин жарыялап, Танзанияга туристтерди чакырып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM