Кыргыз эл артисти, куудул Келдибек Ниязов «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасынын кезектеги коногу болду.
— Келдибек агай, куудул катары сахнага чыкканыңызга жарым кылымдан ашты. Элге күлкү тартуулаган залкар инсан азыркы учурда эмне менен алек болду экен?
— «Убакыт — учкан куш» деп коюшат. Мен: «Убакыт — атылган ок», — деп кошумчалагым келип турат. Былтыркы жылыбыз пандемия менен өтсө, быйылкы жылыбыздын дээрлик жарымы шайлоо деп өтүп жатат. Айрыкча 60 жаштан кийин убакыт өзгөчө бат өтүп жаткандай сезилүүдө. Жазмакерлик жайым бар. «Жер жарылса, акындын жүрөгү аркылуу өтөт». Жер булганып жатса, куудул, сатириктин көзү аркылуу өтөт экен. Көрүп-билип турганымды кагаз бетине түшүрүп, күлкү, чындык аралашкан макала жазып жүрөм. Ошолорду гезит беттерине жарыялап, сатуу иштери менен алектенем.
— Сатирага кантип аралашып калдыныз? Бул жанрдын өзгөчөлүгүн, оорчулугун, артыкчылыгын, кемчилигин айтсаңыз…
— Эң алгач 1968-жылдары Таласта жүргөн кезибизде жазуучу Чыңгыз Айтматов да ошол жерде жүргөн экен. Чакан сахнадан бир интермедия аткарсак, абдан жагып, аябай күлдү. Кечинде чогулуп олтурсак: «Сатира жанры — оңой жанр эмес. Элди күлдүрүү — оңой иш эмес, силер азаматсынар! Талас элинин маанайын абдан көтөрдүңөр», — деди. Ушул сөз мени катуу таасирлентти. Чындыгында, гастролдо жүргөн кезибизде элдин кыраан-каткырыгы айылдын аягына чейин угулар эле. Союз учурунда айылдарга биягы Казакстандан бери кино, анан концерт коюп келишчү. Ата-энебиз: «Жакында концерт келет, билет алып берем», — деп, алдап иштетип алышчу (күлүп). Ал убакта спектакль коюлуп, артынан концерт болор эле. Спектаклга кызыгуум деле жок, аягындагы концерт үчүн эле барчумун. Концерттин эртеси мектепке барып, көргөн нерселеримди өзүндөй туурап, аткарып берчүмүн.
— Куудулдуктан сырткары кандай кесипти аркалайм деген ойлоруңуз бар эле?
— Мектепте окуп жүргөндө, география сабагын абдан жакшы окуп, кызыгат элем. Жумаш деген мугалимим: «Сенин географияга кызыгууң күчтүү, бул нерсени минтип калтырып койбо. Улуттук университетке тапшырып, окушуң керек. Дүйнөлүк деңгээлге чыга аласың», — деп көп айтат эле. Ошол учурда географ болом деген ойлорум бар болчу.
Атам Нияз мугалим, скульптор болчу. Мектепте көркөм чеберчилик боюнча сабак берчү. Пластилинден айбанаттардын бардык түрүн жасачу. Анын таасири менен сүрөт тартканга кызыгып, сөздөрдү, тамгалдарды кооз жазганга үйрөндүм.
Кийин армияга Германияга алып кетти. Барганда эле чөнтөк-башыңды аңтарып, буюмдарыңды алып коюшат экен. Батальондун командири блокноттогу сүрөттөрдү көрсөтүп: «Ты рисовал?», — деди. Мен: «Ооба» дедим. Бир бөлмөгө ээрчитип барып, бир кызматчы кетип жаткан экен, «Ушул жерде иштейсиң», — деп ордуна бекитип койду. Күндүз танк айдап, келгенде журнал, ар кандай иш кагаздарын толтуруп жүрдүм. Эң кызыгы, аскерден бошогондон кийин баарыбыз: «Милициялык лицейге тапшырабыз», — деп чыкканбыз. Анан эле бир күнү шаарга келип, филармониянын жанынан өтүп баратып, оюм өзгөрүп кетти. «Мурун ушул жерге келчүмүн да, кой кирип чыга калайын», — деп кирсем, баары сүйүнүп тосуп алып, «Бизде эле кал», — дегенинен, ошол жакта калып калгам (күлүп).
— Чыгармачылык деп жүрүп, үй-жай күтүү маселеси кечигип калган жокпу?
— 1975-жылы үйлөнгөм. Бир жылдан кийин кызым Асел жарык дүйнөгө келди. 1978-жылы уулум Азамат төрөлдү. Учурда 7 неберем бар. Көпчүлүк: «Эмне үчүн эки эле балалуу болдуң?» — деп сурашат. Байкап көрсөм, биздин курактагылардын көбүндө 2-3төн эле баласы бар. Биз ошол учурда ар кайсыл улуттун үйүндө жашап иштечүбүз. Алар: «Балдарыңар болсо айылга жөнөткүлө, үйдө жүргөндө балалуу болбойсунар», — деген талап коюшчу. Көп балалуу боло албай калганыбыздын себеби — мына ушунда.
— Комузга, аккордеонго да кызыгам деп калдыңыз. Бул аспаптарды эмне себептен үйрөнгөн жоксуз?
— Башында музыкалык окуу жайга тапшырып көрдүм. Барып эле аккордеондун коштоосунда кыйкырып, «Долонду» ырдап кирдим. Калыстар тобундагылар боору эзилип күлүп, экинчи куплеттен кийин эле токтотуп коюшту. Мен: «Экинчи куплеттен өтүп кеттим окшойт», — деп ойлоп сыртка чыгып, анан өтпөй калганымды билдим. Ошентип ызаланып кетип баратсам, калыстар тобунда отурган бир аксакал: «Эки күндөн кийин актёрлукка конкурс болот. Ошол жакка даярданып кел», — деди. Айылга окууга өтпөй кайра баруу уят эле, ошол үчүн 10-15 бет монолог жаттап, даярданып кайра барып, окууга өттүм. Кийин көптөгөн залкар комузчу, обончулардын жанында жүрдүм. Аспаптарга кызыгуум күч эле. Ошолордон комуз черткенди үйрөнгөнгө абдан аракет кылдым. Бирок кызыгуум болгону менен жөндөмүм жок экен, жакшы өздөштүрө алган жокмун.
— Сиз көп адамды дал өзүндөй кылып туурап жүрөсүз. Тууроочулук талантыңыздын тизмесине дагы кимдер кире элек?
— Бирөөнү тууроо оңой иш эмес. Бир күнү Аскар Акаевдин убагында медиктердин күнүнө карата концерт даярдадык. Элге өтө күчтүү өтүп жаткан бир монологум бар эле. Бир убакта эле «Майрам Акаева келе жатат», — деп калышты. Анан мен номеримди аткарганга чыктым. Президент болуп, күйөөсүнө баш ийбей турган жери бар эле. Ошол жерге келгенде, эл жапырт кол чаап, Акаева башын жерге салып эле отуруп калды. Ошондо ичимен: «Келдибек, бүткөн жериң ушул экен», — дедим. Бүткөндөн кийин эл сахнадан кое бербей кол чаап, андан да кызыгы, Акаеваны баары жапырт карап калышыптыр. Ошондон кийин телевидениге сатираларымды чыгарбай жүрүштү. Эми, чымчып, кыйытып сөз айтып, баскан-турганын дал өзүндөй айтып эле жүрөм. Дагы тизмеге кирчүлөр көп эле (күлүп).
— Байбичеңиз жөнүндө айтып берсеңиз…
— Байбичем Жаңылча Көлдүн кызы болот. Мүнөзү токтоо, «концертке алып бар» деп мээмди жебейт (күлүп). Учурда неберелерин карайт. Мектепке, бакчага алып барат. Сыналгыдан көрүп, мага сын айтып турат.
— Учурда кыргыз сатирасы кандай абалда?
— Азыркы учурда «тагдырдын өгөй балдары» дегендей эле. Бизде ырчылар, акындар жөнүндө чоң жыйындарда сөз айтылат. Бирок, сатира жөнүндө эч нерсе жок. Ушул жаатка бир аз колдоо көрсөтүп койсо, жаштардан көптөгөн таланттуулар суурулуп чыкмак.