Биз менен байланышыңыз

Байден Путин тууралуу суроолорго жооп берди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 753 | 0

Америка президенти Жо Байден орусиялык кесиптеши Владимир Путин АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени үчүн жооп берерин билдирди. Буга чейин АКШнын чалгындоо кызматы Орусия менен Иран 2020-жылы АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылып жаткандыгы тууралуу баяндамасын жарыялаган.

«Эгер шайлоону бурмалоого тиешеси болсо жооп берет», — деди Байден журналистке берген маегинде. Андан кийин журналист Путин жөнүндө: «Сиз Путинди киши өлтүргүч деп эсептейсизби?» — деген суроосун узаткан. Буга Байден: «Ооба» — деп жооп берди.

Байдендин айтымында, сүйлөшүү учурунда Путинге ырайымсыз экенин айткан. Орусиянын президенти «биз бири-бирибизди түшүндүк» деп жооп берген.

Байдендин маегинен кийин Москванын биржаларында доллар менен евро кымбаттай баштады. Байдендин айткандарынан кийин доллар 73,71 рублга бааланып, 57,75 копейкке чейин көтөрүлдү. Евро ошондой эле жогорулады.

Байдендин айткандары боюнча Кремль азырынча комментарий бере элек, бирок Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин Байден бул сөздөр менен орустарды кемсинтти деп билдирди. Володин өзүнүн каналына: «Путин биздин президент, демек, ага кол салуу — бул бизге кол салуу», — деп жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM