Бүгүн, 14-мартка карата Кыргызстандын аймагында дагы 32 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 22 адам, Ош облусунда – 5 адам, Ысык-Көл облусунда – 5 адам катталды.
Ал эми бир сутка ичинде 27 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бишкекте – 10, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 киши илдеттен сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда бир адам каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда 343 бейтап, амбулатордук түрдө — 250 бейтап дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 207 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 850 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 836 киши айыгып чыкса, 1 миң 481 адам каза болду.