Биз менен байланышыңыз

ДСУ коронавирус менен күрөшүүдөгү негизги катачылыкты атады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 358 | 0

Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө өлкөлөрдүн кетирген негизги катасы — вакцинага гана таянуу. Бул тууралуу ДСУнун өкүлү Тарик Язаревич билдирди.

Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкө коронавируска каршы тез жана таасирдүү вакцинациялоонун натыйжасында коронавирусту жеңип чыккан дүйнөдөгү биринчи өлкө болгонун жарыялаган.

«Калктын ден соолугун камсыз кылуу боюнча негизги чаралар эпидемияга каршы күрөшүүнүн негизи бойдон калууда: аларды күчөтүү керек», — деди Язаревич.

Буга чейин ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус пандемиясы эркектерге караганда аялдарга көбүрөөк таасир эткенин айткан.

Акыркы маалыматтарга караганда, ушул кезге чейин дүйнө жүзүндө 119 миллион 116 миң 819 адам коронавируска чалдыккан. 2 миллион 641 миң 763 адам оорудан көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM