Биз менен байланышыңыз

Өзгөндөгү жол кырсыктан сегиз адам жаракат алды

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 466 | 0

Кечээ, 11-мартта Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында болгон жол кырсыктан 8 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек-Ош унаа жолунун 605-чакырымында «Дэу-Тико» маркасындагы эки унаа кагышкан. Мунун кесепетинен 4 эркек, 2 аял, 2 жаш бала ар кандай жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кыпчылып калган жаранды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM