Биз менен байланышыңыз

Ооганстан атышуу: Президенттикке талапкер Абдул Латиф Педрам жаракат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 656 | 0

Ооганстандын борбору Кабулда бүгүн болгон аткылашууда бир киши каза болуп, 17 адам жабыркады. Окуяда өлкө президенттигине талапкер, «Ооганстандын Улуттук конгресси» партиясынын лидер Абдул Латиф Педрам жаракат алды. Арасында 3 бала бар.

Бул тууралуу 1TV маалымат булагы өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазды.

Кабулда саясий ишмерлердин жыйыны болуп жаткан жайда бир нече жолу жардыруу болуп, ага удаа минометтук аткылоо болгон.

Ошондой эле президенттик такка дагы бир талапкер, Ооганстандын президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Мохаммад Ханиф Атмардын 8 жансакчысы жаракат алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM