Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Чек арада жаракат алгандардын абалы жакшы

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 748 | 0

Баткендеги кыргыз-тажик чатагында жаракат алган жарандардын абалы жакшы. Бул тууралуу Баткен областтык бириккен ооруканасынын башкы дарыгери Нурлан Салиев “Маралга” бүгүн билдирди.

Анын айтымында, 13-мартта Орто-Боз айылындагы чек арада болгон чатакта ок тийип жаракат алган жарандын абалы турукташып калды.

“13-мартта жаракат алып келген жаранды мен өзүм кабыл алдым. Операция жасалды. Абалы жакшы. Оор, бирок туруктуу. Эсине келген, сүйлөп калды. Ал эми 14-мартта Ак-Сайдагы атышууда ок тийгендердин абалы да жакшы. Ок кыйып өткөн. Абалдары жакшы. Дары-дармектер жетиштүү”, — деди Нурлан Салиев.

Эске сала кетсек, кечээ 14-мартта саат 16:10до Ворух анклавынын жашоочулары менен Ак-Сай айылынын жашоочуларынын ортосунда куралдан ок атышуу болгон. Кыргыз тараптан бир милиция кызматкери бутуна ок жеп, бир жергиликтүү тургундун колуна ок тийген.

Ал эми 13-мартта Орто-Боз айылындагы чек арада болгон чатакта 1988-жылы туулган Ак-Татыр айылынын тургунуна ок тийип, жаракат алган.

Ошол эле маалда тажик басылмалары Орто-Боздогу жаңжалда 1 тажикстандык каза таап, 20дай тургун жаракат алганын жазышкан.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы чатак 13-мартта башталган. Анда ок чыгаруу болуп, бир кыргызстандык жаран жаракат алгандыгы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM