Биз менен байланышыңыз

Чек арада кармалган 4 жаран боюнча милиция түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 1897 | 0

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 11-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын 4 тургуну боюнча  түшүндүрмө берди.

Анда айтылгандай, 2019-жылдын 18-декабрында саат 09:20 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары айылдагы мечиттин жанына чогулушкан. Ошол учурда Тажикстандын Исфара районунун Майский айылынын тургундары жолдон өтүшкөн. Эки өлкө тургундарынын ортосунда пикир келишпестик орун алып, бири-бирине таш ыргытып, урушуп кетишкен.

Натыйжада Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунунун “Хонда-стрим” унаасынын арткы айнегине,  дагы эки тургундун үйүнүн чатырына таш тийип сынган. Дагы бир айыл тургунунун башына таш тийип, жаракат алган.

Бул жагдай Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык Кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Баткен: Чек араны коргойбуз деген балдарды камабай, бошоткула!


Мындан сырткары ушул жылдын 11-январында Көк-Таш айылынын тургундары жолдон өтүп бара жаткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын М.Назаров көчөсүндө Тажикстандын жаранынын “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаасын таш менен уруп, эки капталындагы терезелерин талкалап салышкан. Бул жагдай Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына «Ээнбаштык» деп катталып текшерүү иштери башталган.

Жогорудагы кылмыштарга катыштыгы бар же аларды уюштурганга тиешеси бар Көк-Таш айылынын жогорудагы 4 жаранын тиешелүү далилдери менен суракка алып келген учурда, алардын экөөсүнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал алынып, соттук-экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда кармалган 4 жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM