Биз менен байланышыңыз

Өзгөн өнөрпоздору 1000 үй-бүлөгө көмөк көрсөттү

Коом , Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 676 | 0

Учурда дүйнө боюнча пандемия менен күрөш жүрүп жатат. Эпидемиологиялык кырдаал Кыргызстанга да жетти жана экономикалык жактан да таасир бербей койгон жок.

Мындай кырдаал учурунда айрым ырчылар, ишкерлер, белгилүү инсандар жана активисттер жардамга муктаж болгон калктын аярлуу катмарларына колдон келген жардамын берүүгө аракет кылууда.

«Өзгөн өнөрпоздору» жана ырчы Алтынай Нарбаеванын курбу кыздары менен шеринелештери  биргеликте 1000 чакты үй-бүлөгө азык-түлүк, муктаж болгон буюмдар жана акчалай жагынан көмөк көрсөттү. Ыктыярчылар тобунун айтымына караганда, муктаж болгондорго жардам берүү үчүн колдон келген аракеттерин кылышууда.

Социалдык баракчага сүрөттөрүбүздү чыгарып жатканыбыздын себеби, башкалар да бизди көрүп, жардамга кол сунса дейбиз,-дейт уюштуруучулар.


Барыктабасов өлкө башчыларына: Имараттарымды сатып, элге жардам бергиле

Copyright © 2017 Maral FM