Биз менен байланышыңыз

«Жапаровдун командасы абдан алсыз болуп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2021 | 2127 | 0

Саясий лидердин эрки жана командасы күчтүү болсо, көп долбоорду ишке ашыра алат. Мындай пикирин мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Президент Садыр Жапаров бир топ мамлекетке барып келди. Ири долбоорлорго кол коюлдубу? Негизи экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн президенттин командасы алдын ала баарын анализдеп, даярдап коюшу керек эле», — дейт Токтогазиев.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун командасы абдан алсыз болуп жатат. Күчтүү эксперттер кызматташууну каалабай турат. Ага ишенимдин жоктугу, айтылган сөз менен жасалган иштин айкалышпай жатышы, өкмөттөгү түзүмдүк өзгөрүүлөр себеп болууда.

Ар бир тармакты кесипкөй адис жетектесе, өнүгүү бат болмок.

Copyright © 2017 Maral FM