Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик COVID-19ду аныктоо үчүн 100 миң евролук материал берди

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 599 | 0

Бүгүн, 11-мартта Европа Биримдиги Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине COVID-19га карата ПЧР-тест алуу үчүн жалпы суммасы 100 миң еврого бааланган 8 миң диагностикалык материал тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр белгилегендей, Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүсүндө эң биринчи жардамды Евробиримдик көрсөткөн.

«Берилген материалдар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутумунун тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт жана өлкө калкын COVID-19дан сактоо милдетин аткарууда кыргыз дарыгерлерине жардам берет. Пандемия баарыбызга таасирин тийгизди, бирок ал алып келген бардык кыйынчылыктарды жана кесепеттерди бирге жеңе алабыз. Евробиримдик кыргыз эли үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берет жана биз Кыргызстанды COVID-19 илдетине каршы күрөштө колдоону уланта беребиз», — деди тапшыруу аземинде элчи Эдуард Ауэр.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстан үчүн өтө зарыл болгон лабораториялык материалдарды бергени үчүн Евробиримдикке ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Европа Биримдиги COVID-19 пандемиясында Кыргызстан үчүн 43 миллион евродон ашык колдоо көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM