Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда Айтматов таануу илими негизделди

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 558 | 0

Өзбекстанда Айтматов таануу илими негизделди, ондогон окумуштуулар улуу жазуучунун чыгармалары боюнча илимий изилдөө жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу «Айтматовдун чыгармалары өзбек окумуштууларынын изилдөөсүндө» аталышындагы конференцияда Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги, «Чынгыз Айтматов жана Өзбекстан» туруктуу көргөзмөсүнүн директору, белгилүү өзбек публицисти Ахмаджон Мелибоев билдирди.

Анын айтымында, улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чынгыз Айтматов кыргыз элинин гана эмес, жалпы түрк тилдүү өлкөлөрдүн, анын ичинде өзбек элинин да сыймыгы. Ал аймактын тынчтыгы, өнүгүп-өсүүсү, эл ортосундагы тилектештикти жана достукту бекемдөө үчүн жанын аябастан эмгек кылган, аларды тышкы коркунучтардан жана чакырыктардан коргогон.

Өзбекстан улуттук университетинин базасындагы «Чынгыз Айтматов жана Өзбекстан» туруктуу көргөзмөсү 2018-жылы президент Шавкат Мирзиёевдин атайын жарлыгы менен улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине арналып ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM