Блогер Элмир Сыдымановго коюлган айып алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Сыдыманов тергөө органы тарабынан Жазык-процессуалдык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталган.
Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыдымановдун айткандарында аймактар аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес.
Бүгүн, 10-марттагы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Элмир Сыдымановго карата коюлган айыпты жокко чыгарды.
2020-жылы 4-февралда Сыдыманов «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирде түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылык жараткан. Ал 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.
Кийин июнь айында Бишкектин Октябрь райондук соту блогердин видео кайрылуусундагы айткандары боюнча кайрадан психо-лингвистикалык комплекстүү экспертиза дайындаган.
я
11.03.2021 14:01
Надеюсь поумнел пацан!