Биз менен байланышыңыз

Шайлоодогу мыйзам бузууларга көбүрөөк көңүл бурула баштайт

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 770 | 0

«Жалпы иш» коомдук фонду үстүбүздөгү жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо катталган мыйзам бузууларга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен тааныштырды.

Аталган фонддун шайлоо боюнча эксперти Канышай Мамытова шайлоо маалында жана үгүт иштери учурунда мыйзам бузуулар көп катталганын белгиледи. Мамытованын айтымында, президенттик шайлоодо мониторинг атайын иштелип чыккан инциденттик форманын негизинде жүргүзүлгөн. Мунун негизинде эң маанилүү делген 3 категорияда: добуш сатып алуу, административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу, шайлоочуларга кысым көрсөтүү боюнча мыйзам бузуулар катталган. Жалпысынан 86 арыз келип түшкөн.

«Президенттик шайлоодо мониторинг инциденттик формада жүргүзүлдү. Анда эң негизгиси болуп жаткан 3 категориядагы мыйзам бузууларды анализдешти. Жалпысынан бизге 86 маалымат келип түшкөн. Анын 53ү административдик ресурстарды колдонуу, 17си шайлоочулардын добушун сатып алуу, 16сы шайлоочуларга кысым көрсөтүү деп каралган. Административдик ресурстарды колдонуу боюнча 44 арыз талапкер Садыр Жапаровдун атына түшкөн. Байкоочулар: «Ушундай окуя болуп жатат», — деп бизге жиберет, биз аны тактап, далилдегенден кийин БШКга, милиция жана прокуратура органдарына жиберебиз. Бирок бүгүнкү күндө бир гана БШК чараларды көрүп, биздин арыздардын негизинде 9-январда 4 шайлоо тилкеси жана шайлоо күнү 1 тилке жокко чыгарылды. Ошондой эле, участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө дисциплинардык чараларды дайыма жүргүзүп келет», — деди Мамытова.

Көпчүлүк бурмалоолор талапкерлер тарабынан үгүт иштерин жүргүзүү учурунда катталгандыктан, фонд БШКга талапкерлердин жана алардын штабдарынын үстүнөн бул жаатта көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылат. Ошондой эле административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонууга байланыштуу фактылар боюнча арыздануу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маанилүү деп эсептейт.

Жалпысынан бардык тартип бузуулар процедуралык же техникалык мүнөздө болгон, ошого карабастан «Жалпы иш» коомдук фонду БШКга АШК жана УШК мүчөлөрүнө окутуу тренингдерин өткөрүүнү жана алардын алдын ала даярдануусун күчөтүүнү сунуш кылат.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров арыздардын келип түшкөнүн жана тиешелүү чаралар көрүлгөнүн билдирди. Ошондой эле жасаган иши, анализ жана мониторинг кылып, элге керектүү маалымат бергени үчүн «Жалпы иш» коомдук фондуна ыраазычылыгын айтты.

«Биринчиден, «Жалпы иш» коомдук фондуна ыраазычылык билдиребиз. Аябай жакшы анализ жасалган. Ал жакта шайлоого жакшы сунуштар бар, жакшы баа берилди жана жетишкендиктер менен бирге, кемчиликтер да көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө бизде жарандык коом аябай күчтүү. Мурунку шайлоолорго караганда, азыр Кыргызстан өтө чоң жетишкендиктерге жетишти. Мурда баарыбыз жакшы билебиз, бир адам топ-тобу менен кагаздарды урнага салат эле, же болбосо шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен сүйлөшүп, өзүлөрүнө керектүү жыйынтыктарды чыгарып жүрчү. Бүгүнкү күндө андай көрүнүш жок, азыр бир шайлоочу – бир добуш. Кээ бир учурларда болот, айрым партиялар же президентикке талапкер ар кандай ыкмаларды колдонот: добуштарды сатып алышат; коркутуп кысым көрсөтүшөт; бирок мен ишенем, биз бара-бара мындай терс көрүнүштөрдөн арылабыз», — деди Шайназаров.

Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Гүлнара Баатырова «Жалпы иш» коомдук фонду жана иш-чаранын жалпы катышуучулары үчүн БШКнын эшиги дайым ачык болорун, кызматташууга даяр экенин айтты. Ошондой эле Баатырова жакын арада тегерек үстөл уюштурулуп, ал жакта каржылык маселелер жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн билдирди.

«Сиздерде өзгөчө коомго керектүү жакшы иш-чара болуп өттү. Өз кезегинде БШК сиздер үчүн, жалпы катышуучулар жана бардык жарандар үчүн дайыма ачыкпыз, биз сиздер менен кызматташууга жан-дилибиз менен даярбыз. Мындан ары жакын арада тегерек столдо каржылык маселелер жөнүндө сүйлөшкөнгө жолугушуп, талкуулаганга даярбыз», — деди Баатырова.

Ал эми Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нурлан Исмаилов шайлоо маалындагы мыйзам бузууларга кандай чаралар көрүлгөнү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, БШКнын расмий сайтында бардык жасалган иштер жөнүндө маалымат бар, жарандар ошол жерден карап, билип алса болот.

«Бардык мыйзам бузуулар, жоруктар ички иштер органдары тарабынан каттоого алынат. Ар бир учур боюнча териштирүү иштери жүргүзүлөт. Аныкталган иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштөр ашырылып, сотко өткөрүлөт. Аныкталбаган иштер сотко чейинки өндүрүштөн кыскартылат. Биринчиден, бардык арыздар БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна келип түшөт. Андан кийин ал топ ички иштер органдары болобу, прокуратура болобу, УКМК болобу, тиешелүүлүгү боюнча бөлүштүрүп берет. Анан ар бир орган өз ыйгарым укуктарынын алкагында териштирүү иштерин жүргүзүп, жообу дароо эле БШКнын расмий сайтында түзүлгөн «реестр» баракчасына жайгаштырылып, ошол жакта бардык бузуу, жорук, кылмыштар, жасалган иштер боюнча маалымат берилет. Жарандар ошол сайтка кирип, ар бир түшкөн арыз-даттануулар, билдирүүлөр боюнча кандай иштер жасалганы жөнүндө маалымат ала алышат», — деди Исмаилов.

Отурумдагы талкууга БШК мүчөлөрү, Президенттин аппаратынын, Өкмөттүн, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, УКМКнын, Жогорку Соттун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

«Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан бир катар сунуштар берилди. Мыйзам бузуулар жөнүндө түшкөн эскертүүлөр жана даттануулар өз убагында каралып чыгышы үчүн укук коргоо органдарынын ишин күчөтүүнү, көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө коомчулукту убагында маалымдоо жана шайлоо мыйзамдарын бузуунун айрым түрлөрү үчүн жоопко тартуунун бирдиктүү тажрыйбасын иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM