Үстүбүздөгү жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого байланыштуу «Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо системаларына ишеним индексин аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүздү. Маалым болгондой, жарандардын мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү өнөктүгүнө болгон мамилесин жана жалпы шайлоо жараянын кандайча баалаарын билүү максатында иликтенген. Андан келип чыккан жыйынтык боюнча аталган фонд жыйын уюштурду.
«Шайлоого ишеним индекси» аттуу сурамжылоого өлкө боюнча 18 жаштан жогорку, шаарларда жана айыл жеринде жашаган жарандар катышкан. Жалпысынан 1200 респондент аймактык, жаш курактык жана гендердик жактан бөлүштүрүлгөн.
Шайлоо тутумуна элдин ишеним индексин өлчөө үчүн фонд 18 критерийди иштеп чыгып, ар бирине жеке упай берген.
Алынган маалыматтарга ылайык, жалпысынан сурамжылоого катышкан респонденттер шайлоо тутумунун процесстерине ишенишет. Бирок ошол эле учурда, критерийлердин бири да эң жогорку ишеним индексине жеткен жок. Бул тууралуу коомдук фонддун башкармасынын төрайымы Аида Сүйүндүева билдирди.
Анын айтымында, калктын эн чоң ишенбестиги талапкерлердин шайлоо фонддорунун кирешелери менен чыгашаларынан жаралууда. Ошондой эле Сүйүндүева калктын көпчүлүгү эмне үчүн шайлоого катышпаганы боюнча да айтып берди.
«Респонденттердин айтымында, мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого катышуу деңгээлинин төмөн болушунун негизги себеби: шайлоочулардын шайлоонун таза өтөрүнө ишенбестиги болгон. Мындай пикирди 23%ы билдирген. Дагы бир себеп: «№2 Форманын» жоюлушу. Респонденттердин 21%ы ушундан улам добуш бере алышпаганын айтышкан. Ошол эле учурда катышуучулардын 39%ы жооп берүүгө кыйын болуп жатканын билдиришип, шайлоого аз катышканын себептерин айтуудан баш тартышты. Жыйынтыгында, берилген баа өткөн шайлоо өнөктүгүнө Кыргызстандын жарандарынын көзү менен кароого мүмкүндүк берет. Биздин фонд: «Изилдөөнүн натыйжалары шайлоо процесстерине катышкан мамлекеттик органдар үчүн пайдалуу болот», — деп үмүттөнөбүз», — деди Сүйүндүева.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, парламенттик же президенттик шайлоо болобу, БШКга буга чейин көптөгөн сын-пикирлер айтылып келген. Шайлоонун адилеттүү же адилетсиз өткөрүлүшү боюнча БШКга көптөгөн күнөө коюлуп, коомчулук муну менен бирге башкаруу органдарына, жалпы мамлекеттик жетекчиликке, анын ичинде президентке да нааразы болуп жатат. Анткен менен БШК өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпай ишин жүргүзүп жатты. Ал эми үгүт иштеринде, деги эле шайлоо процессинде административдик ресурс колдонуу сыяктуу болуп жаткан ар кандай мыйзам бузуулар жеке партиялардын жоопкерчилиги астында болгон.
«Борбордук шайлоо комиссиясына коомчулуктун мамилеси, коомчулуктун көз карашы абдан маанилүү. Чындыгында, баарыбызга белгилүү болгондой, БШК буга чейин парламенттик же президенттик шайлоо болобу, айтор, абдан көп сынга кабылды. Негизи, мамлекеттин башкаруу системасына элдин ишеними толук болгондо гана бардык жүргүзүлүп жаткан иштер таза өткөрүлүп жатат деген баа берилет. Мага сурамжылоонун бир жери абдан кызык болду. Такталган маалыматка караганда, бул жердеги 39 % респондент «Эмне үчүн шайлоого калктын басымдуу бөлүгү келбей койду?» — деген суроого жооп берүүдө кыйналышкан. Менимче андай эмес, кыйналышкан жок, жообун билишет. Негизи, бул нерсенин жообу өлкөдөгү саясий көз караштардын себебинен болуп жатат десек болот. Шайлоого катышпай койгондордун бир канчасы талапкер тандоодо так чечимге келе алышпады, ал эми бир канчасы катышуунун кереги жок деп билет. Бул эмнеден кабар берет? Бул — «ушунча адамдын шайлоого ишеничи жок» деген жоопту айтып жатат. Бизге дагы бир нерсе белгилүү: шайлоочулардын аз сандагы бөлүгү гана талапкерлердин, талапкер партиялардын шайлоо алдындагы программалары менен таанышып чыгышат, калган көпчүлүк бөлүгү тилекке каршы, кандай программага добуш берип жатканын деле билишпейт», — деди Журабаева.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева
Шайлоо өнөктүгүнө, шайлоо системасына жана мыйзамдарына шайлоочулардын ишеним деңгээли өтө маанилүү. Так ушул нерсеге буга чейин изилдөө болбогондугу өкүнүчтүү. Мындай пикирин саясат таануучу Эмил Жороев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда шайлоо өткөрүү олуттуу маселелердин бири, ошондуктан азыркы болуп жаткан фонддун демилгесин колдоо керек.
«Кыргызстанда шайлоо өткөрүү олуттуу маселелердин бири болгондуктан, эч качан шайлоого маани бербей койгон эмеспиз. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери эле регулярдуу түрдө болуп келет. Шайлоодо жеңип келген бийликке болгон ишенимди жогорулатуу үчүн бирден бир маанилүү жолу — эң алгач ошол шайлоо процессине болгон элдин ишенимин жогорулатуу керек. Азыркы бул изилдөө дагы да улана берсе, бизге кийинки шайлоолордо кандай факторлор элдин көз карашына таасир тийгизип жатат, мына ошолорду аныктап алмакбыз. Шайлоо процесси жакшы жакка бурулдубу же терс таасирин тийгизип жатабы, мына ошолорду аныктап алууга бул изилдөөнүн салымы чоң», — деди Жороев.
Саясат талдоочу Эмил Жороев
Иш-чаранын жыйынтыгында, шайлоо алдындагы теледебаттардын уюштурулушу чектелип жатканы айтылып, бир гана мамлекеттик каналдарда чагылдырылбастан, башка бардык телеканалдарга уюштурууга уруксат берүү керек деген сунуштар берилди.